Борщтун даамындагы балмуздак сатылат

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:36

Берлиндеги ресторандардын биринде гречка, сабиз, ашкабак, туздуу сырлардан жасалган бал муздак бар. Жалпысынан андай дамдардын саны 20га жетет.

Жайында андай азыктардын түрү кеңири болсо, кышында тандоо азыраак. Булар менен бирге тактануучу жайдан жашыл чай, базилик жана эчкинин сүтүнөн жасалган бал муздактарды алууга болот.

Алардын ичинен эң коозу кызылчадан жасалганы. Көптөрү ага каймак май кошуп жегенди жактырат.
Берлиндеги ресторан натуралдуу азыктарга артыкчылык берет. Ал жактан шекери жок шоколаддан, сүтү жок каймактан жасалган бал муздактарды табууга болот. Булардын баары даамы жана пайдалуулугу менен айырмаланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!