Лыжа борборунда вулкан атылды

23-Янв. 2018, Шейшемби, 16:12

Японияда Кусатсу аймагына жакын жерде лыжа борборунда жанар тоо жанданды. Вулкандын атылышы көчкүнү пайда кылды.

“BBC” кызматынын маалыматына караганда 10 киши вулкан таштарынан улам жабыркады. Алардын экөөнүн абалы оор экени, бир нечеси көчкүдөн куткарылганы жазылган.

Япониянын Метеорологиялык кызматы 2 миң 160 метр бийиктиктеги Кусатсу-Ширане жанар тоосу жанданганын белгилеген. Тургундарга ал жактардагы лыжа борборуна барбоо эскертилген.

Японияда 110 активдүү жанар тоолору бар. 2014-жылы эң ири Онтаке тоосундагы вулкандын атылуусунан 63 адам көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!