Зилзаланы цунами коштоору эскертилди

23-Янв. 2018, Шейшемби, 17:05

Шейшемби, 23-январда Американын Аляска штатынын жээктеринде күчү 8,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Ага удаа цунами коркунучу эскертилди.

Зилзаланын очогу Аляска кысыгынан 278 чакырым түштүк-чыгышында жайгашкан Кадьяк шаарында болгон. Андан пайда боло турган цунами боюнча Аляска, Вашингтон жана Гавайи штаттарына, Канаданын Тынч океан жээктериндеги аймактарга эскертүү берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!