Кытайда жаңы сепил пайда болот

24-Янв. 2018, Шаршемби, 12:05

Синьцзян-Уйгур автономиялык аймагында “Улуу сепил” пайда болорун “China Daily” гезити аймактын өкүлү Шократ Закирге таянып жазган.

Мамлекеттик чек аранын 5,7 миң чакырымынын коопсуздугун камсыздоо демилгеси экенин айткан аткаминер аны чет жактардан келген экстремизм, сепаратизм жана терроризмден коргоо зарылдыгы менен түшүндүрдү.

“Биз башкы аймактын коопсуздугу үчүн мүмкүн болгон иштердин бардыгын жасайбыз”,-деди аймактын өкүлү Үрүмчүдө жыл сайын өтүүчү Аймактык элдик конгресстин 13-курултайында.

Шократ Закир Синьцзян бийлиги коопсуздук үчүн Интернет тыкыр көзөмөлгө алынарын, чек ара аймактарында инфраструктуралар жакшырарын кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!