Гитлерди эскерген 5 адам камалды

25-Янв. 2018, Бейшемби, 13:46

Польшанын полициясы токойдо улутчулдардын униформасын кийип, алар сыяктуу саламдашкан жана Адольф Гитлердин туулган күнүн белгилеп жаткан беш адамды камады.

“Macar” агенттигинин кабарына ылайык “TVN24” телеканалында улутчулдардын униформасын кийген, алар сыяктуу саламдашкан жана Адольф Гитлердин 128 жылдыгын белгилеген беш адам тууралуу документалдуу фильмден кийин полиция сурак жүргүзө баштаган.

Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда желектер, униформалар, куралдар табылган. Польшанын президенти Анджей Дуда бул боюнча билдирүүсүндө “Эгерде польшалыктардан, башка этникалык топтордон бирөө еврейлердин геноцидине жооптуу Адольф Гитлерди урмат менен эскерип жатса, ал адамга Польша коомчулугунда орун жок”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!