Ооруканадагы өрт 41 адамдын өмүрүн алды

26-Янв. 2018, Жума, 11:47

Түштүк Кореяда өрттүн курмандыктарынын саны 41ге жеткенин “Рёнхап” агенттиги жазды. Жарат алган 79 адамдын тогузунун абалы оор экени белгиленди.

Кёнсан-Намдо провинциясынын Мильян шаарындагы Король Седжон атындагы оорукананын биринчи кабатында эртең мененки саат 07:32де өрт чыккан. Ал мезгилде ооруканада 111 бейтап жаткан. Өрттү өчүрүүгө эки саат кеткен.

Өлкөнүн президенти Мун Чжэ Ин чукул жыйын өткөрүп, мындай трагедияларды алдына алууну тапшырды.

Буга чейин 21-декабрда Сеулдан 170 чакырым аралыкта жайгашкан Чечхон шаарында өрт кырсыгы катталган. Анда сегиз кабаттуу имараттын гаражындагы авто унаа өрттөнгөн. Имараттын экинчи кабатындагы фитнес-борбордогу 29 адам көз жумса, 26сы күйүктөн жана түтүнгө ууланып, жабыркаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!