Үшүк алып кеткен 14 адам ооруканага жатты

27-Янв. 2018, Ишемби, 14:27

Казакстандын Алмата шаарында сууктан жабыркаган 14 адам ооруканага жаткырылды. Шаардын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда бейтаптардын арасында балдар бар.

“Балдар дарыгерлердин кароосунан өткөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Тез жардам кызматына үшүккө байланыштуу 24 телефон чалуу болду”,-деп жазылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, буга чейин Алматада шашылыш билдирүү болгон. Анда “24-29-январда түнкүсүн температура 15-20 дан 20-25 градуска чейин жетет. Зарыл болбогон учурда үйдөн чыкпоо сунушталат”,-деп белгиленген шаардык Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалымат кызматы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!