Суу ташкынынан улам 1,5 миң тургун көчүрүлдү

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:43

Париж полициясынын башчысы Мишель Дельпюэш суу ташкындарынан улам борбордон 1,5 миң тургун эвакуацияланганын маалымдады.

Учурда Сена суусунун деңгээли 5,9 метрге башкача айтканда 2016-жылдагы суу ташкынын пайда кылган чекке жетти. Анда жүк ташуу иштерине, каттамдарга чектөө коюлган.

Франциянын айрым аймактарында коркунучтун деңгээли “сары түскө” жеткени эскертилип, көчүрүү иштери башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!