Үч ишкана өзүнө медициналык борбор курат

31-Янв. 2018, Шаршемби, 11:39

“Amazon”, “Berkshire Hathaway” жана “JP Morgan” компаниялары АКШда өз ишканаларында эмгектенгендердин саламаттыгына кам көргөнү турат.

Алар тараткан билдирүүдө үчөө биргеликте коммерциялык максатты көздөбөгөн, көз карандысыз медициналык компания түзүлөөрү белгиленген. Алардын башкы максаты жеткиликтүү баада медициналык кызматтар менен камсыз кылуучу технологияларды табуу болуп саналат.

Бул билдирүүдөн кийин АКШ биржасында айрым медициналык кызматтагы ишканалар, бул багыттагы камсыздандыруу компанияларынын акциялары төмөндөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!