Президент пенсиясыз калды

2-Фев. 2018, Жума, 10:46

Бразилиянын президенти өткөн жылдын ноябрь, декабрь айларынын пенсиясын албай калды. Ага Мишел Темердин мамлекеттик мекемелерге керектүү документтерди бербей калганы себеп болгон.

“Бул процедура “жашоонун далили” деп аталат жана анын белгилүү чеги бар”,-деп себептерин түшүндүргөн билдирүү Сан-Паулу штаттынын мамлекеттик кызматынын порталында.

77 жаштагы Темер 1999-жылы пенсияга чыккан. Айына 14,2 миң доллар алат. Президенттин администрациясы төлөмдөрдү калыбына келтире турган документтерди даярдады.

Кызыгы мамлекет башчысы бир нече айдан бери пенсия боюнча реформаларды жүргүзүп жаткан. Анда өлкөдө эс алууга чыгуунун минималдуу жашын жогорулатуу жагы же аялдар үчүн 62 жаш, ал эми эркектерге 65 жаштан пенсияга чыгуу сунушталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!