Фидель Кастронун уулу өз жанын кыйды ​

2-Фев. 2018, Жума, 11:36

Кубалык революционер Фидель Кастронун улуу Фидель Кастро Диас-Баларт өз жанын кыйганын “Reuters” агенттиги кабарлаган.

Диас Баларт бир нече айдан бери терең депрессияда болгонун, ооруканада дарыланып чыкканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкан.

Кенже Кастро 68 жашта болгон. Атасына окшоштугунан улам “Фиделито” деп аташкан. Башында аны ооруканада дарылап, андан соң амбулатордук дарылоого которушкан.

Фидель Кастро Диас-Баларт 1949-жылы Гаванада төрөлгөн. 19 жашында Воронеж Мамлекеттик университетинен эки жыл окугандан кийин Москва мамлекеттик университетинин Ядердик физика бөлүмүн аяктаган. 1974-1978-жылдары Дубн шаарындагы Атом энергиясы институнунун аспиранты болуп, кандидаттык диссертациясын жактаган.

Анда соң өз өлкөсүндө адистиги боюнча башкы кызматтарда эмгектенген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!