Англия-Кытай: 9 миллиард стерлингдик макулдашуу

3-Фев. 2018, Ишемби, 13:22

Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин ишкерлерден турган делегациянын коштоосундагы Кытайга жасаган иш сапарында эки өлкө ортосунда 9 миллиард стерлингдик макулдашууларга кол коюлду.

Брекзиттен кийин даярдык максатында Европа биримдигинен тышкаркы өлкөлөр менен соода мамилелерин өнүктүрүүнү максат кылган Англия дүйнөдөгү экинчи ири экономикага ээ Кытай менен мамилеге маани берүүдө.

Тереза Мэй Шанхайда Иш саммитинде сүйлөгөн сөзүндө “Англия ЕБден бөлүнүүгө даярданып, глобалдык дүйнөдө сыртка ачылуу боюнча иштерге басым жасаганы жатат. Андан улам ар башка мамлекеттер менен соода мамилелерин тереңдетип жатат”-деди.

Кытайдын президенти Си Цзиньпин расмий зыяраттын алкагында премьер-министр Тереза Мэй менен жолугушуусунда “Кытай жаңы мезгилде эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана туруктуу өнүктүрүү үчүн Англия менен кызматташууга маани берет”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!