Соцтармакка башка сүрөттү койгон аял соттолду

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 10:26

Италиянын түндүгүндөгү Порденон шаарында жашаган 30 жаштагы аял “Facebook” тармагындагы профилине башка бир адамдын сүрөтүн койгону үчүн сот жообуна тартылды. Башка бирөөнүн өздүгүнө жамынган аял 15 күнгө камалды. Жазанын бул түрү 3 миң 750 еврого которулса, аны 30 бөлүп төлөп бергени калды.

Соттун чечими Италияны кылмыш кодексинин 494 беренесине ылайык чыгарылган. Анда өзү же башкалар үчүн артыкчылык табуу же башкаларды зыянга учуратуу максатында бөлөк бирөөнүн өздүгүн пайдалангандар 1 жылга абакка камалары белгиленген.

Өлкөнүн басылмалары социалдык тармактарда сулуу көрүнүү жа башкалардын сүрөттөрүн пайдалануу кымбатка түшөөрүн жазды.

Белгилей кетсек, “Facebook” тармагында “Жалпы стандарттар” бөлүмүндө “Адамдар биздин тармакта чыныгы өздүк маалыматтарын гана колдонуша алат. Башка адамдарды туураган бардык профилдерди жаап жатабыз”,-деп эскертилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!