120 миң уйгур лагерге жөнөтүлдү

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 15:06

Кытайда 120 миңге жакын уйгур кайра тарбиялоо максатында ачылган саясий билим берүүчү лагерге жөнөтүлдү.

“CNN” басылмасынын маалыматына караганда Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы (СУАР) Кашгар шаарында жайгашкан лагерде революциялык ырлар аткарылат. Ошондой эле өлкөнүн президенти Си Цзиньпиндин идеалогияларын жатташат.

“Free Asia” радиосунун маалымдаганына караганда өкмөттүн мындай аракеттери адам укугун коргогон активисттердин жана жергиликтүү элдин нааразычылыгын жаратууда.

“Ар бир короодон, ар бир үйдөн үч төрттөн адам алып кетип жатышат. Айрым айылдарда аялдар жана балдар эле калышкан. Ал эми эркеттерин лагерлерге алып кетишкен”,-деген Дүйнөлүк Уйурлар конгрессинин төрагасы Омер Кенат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!