44 Пулитцер сыйлыгы бар гезит сатылды

9-Фев. 2018, Жума, 14:05

“Los Angeles Times” гезитин 500 миллион долларга биотехнология миллиардери жана дарыгер Патрик Синьсяндын "Nant Capital” аттуу компаниясы сатып алды.

Бул боюнча билдирүү жасаган Патрик Синьсян “Los Angeles Times” басылмасынын сыйлыгы бар экенине сыймыктанды. Андагы журналистикалык салтты колдон келишинче улантабыз”,-деген миллиардер гезитти өзгөртүү ойлорунда жок экенин айтты.

20 жылдан бери Чикагодо чыгып келе жаткан “Los Angeles Times” гезити АКШнын батыш тарабындагы эң ири басылма жана 44 Пулитцер сыйлыгы менен белгилүү.

Эми ага АКШнын эң бай доктору, Түштүк Афикада төрөлгөн Патрик Синьсян ээлик кылат. Анын байлыгы 8 миллиард долларга жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!