Uber жана Waymo маселеси чечилди

10-Фев. 2018, Ишемби, 16:46

Waymo менен Uber компанияларынын ортосундагы “патент уурулугу” боюнча доо келишим менен жыйынтыкталды. Анда Uber 245 миллион доллар наркындагы акциясын Waymo ишканасына которот.

Alphabet холдингинин айдоочусу жок унаа бөлүмү Waymo менен Uber компанияларынын ортосундагы талашка себеп болгон “патент уурулугу” доосу аяктады.

Айдоочусу жок унаага технология чыгарган Waymo компаниясы өткөн жылы Uber ишканасынын үстүнөнөн арызданган. Анда өздөрүнө таандык миңдеген документ уурдалганын, Uber бул документтер менен өздөрүнүн унааларын жасап чыгышканы маалымдалган.

Uber ишканасынын кадырына шек келтирген доо тараптардын макулдашуусу менен аяктады. Бул аркылуу талап кылынгандан аз акча төлөнгөндөй болду.

Эскерте кетсек, Waymo өткөн жылы Uber компаниясынан 1 миллиард доллар компенсация талап кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!