Саакашвилини Польша алды

13-Фев. 2018, Шейшемби, 11:10

Депортацияланган Михаил Саакашвили Польшага келди. Украина бийлиги аны өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөнүн айтты.

Грузиянын экс-президенти жана Одесса областынын мурдагы губернаторун Польша өздөрүнө Европа биримдигинин жаранынын жубайы болгону үчүн кабыл алды.

“Жаңы күч” кыймылынын лидерин 12-февралда Киевдеги "Сулугуни" ресторанында түштөнү учурунда кармап, ак фургонго салып кетишкен. Тарапташтары лидери уурдалганын жар салып, Украинанын президентинин администрациясынын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чогулган. “Саакашвилиге эркиндик!”, "Порошенко – менин президентим эмес", -деп ураан чакырган бир нече активистти полиция кармап кеткен.

Михаил Саакашвили өлкөдөн чыгарылганын Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы тастыктады. Аталган мекеменин маалымат катчысы Олег Слободян “Сот биринчи жана экинчи инстанцияда Михаил Саакашвили Украинада мыйзамсыз жүргөнүн тастыктаганын эске салабыз”,-деген.

Өткөн жылы Украинанын президенти экс-губернаторду өлкөнүн жарандыгынан ажыраткан. Бирок Саакашвили чек арадан өтүп, кайра кайтып келген.

2017-жылдын январь айында Киев соту 6-февралга чейин үй камагына чыгарган. Өздөрүн экс-президентин экстрадициялоого Грузия аракеттенүүдө. Өз өлкөсүндө Саакашвили кызматын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Ошол кездеги саясий баш паанек тууралуу арызын Украина кабыл алган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!