Газ жана электрге карызы барларга ун сатылбайт

17-Фев. 2018, Ишемби, 15:03

Түркмөнстанда ун сатып ала тургандардан газ жана электрге карызы болбогону тууралуу маалымдама талап кылынганы Азатлык радиосу кабарлаган.

Дашогузда мамлекет жөнгө салган айрым дүкөндөрдө кардарлардан үйлөрүндө эсептегичи бар экенин тастыктаган документтерди сурап жатканын белгиленген.

Андай болбосо ун алалбай тургандыгын сатып алуучулардын бири айткан.

Дашогузда элдин нааразычылыгын болтурбоо максатында түрдүү чараларды көрүп жатканы белгиленүүдө. Аймактагы булактардын маалымдаганына караганда жергиликтүү администрациянын алдына нааразычылыгын билдирүүгө чогулгандар бар. Бийлик элди тынчытуу үчүн диний ишмерлерди тартуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Өз кезегинде жергиликтүү полиция дүкөндөрдө узун кезекти болтурбоо үчүн ун түшкөндө кабарлап коерун айтып, телефон номерлерин жазып калышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!