АКШ россиялык спутниктерден кооптонууда

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:17

Россия жана Кытай Американын аскердик жана коммерциялык спутниктерин иштен чыгара турган куралдарды чыгарып жатканын АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору Дэн Коутс билдирген.

Бул боюнча даярдалган баяндамада мындай артыкчылыктарын айрым мамлекеттер алдыңкы жылдары ачыкка чыгарары жазылган. Ошондой эле Кытай жана Россия атайын жандоочторго каршы бөлүмдөрдү түзгөнү, бул космостук мейкиндиктеги абалды чыңалтаары кошумчаланган.

“Россия жана Кытай спутниктерге каршы курал чыгарганы жатышат. Ал АКШ жана анын союздаштарынын аскердик потенциалын төмөндөткөнгө пайдаланылат”,-деп жазылган баяндамада.

Эксперттердин баамында Американын чалгын кызматы Россия жана Кытай мындай куралдарды АКШга каршы келерки жаңжалдарда пайдаланат. Андан улам Кошмо штаттар коммерциялык, жарандык жана аскердик спутниктерди коргоо, алардын деңгээлин жакшыртуу чараларын көргөнү калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!