Турак үйдөн 200 жылан табылды

21-Фев. 2018, Шаршемби, 11:06

Буэнос-Айрестеги үйлөрдүн биринен полиция ар түрдүү 219 жылан тапты. Алардын көбү корол питону, амазон жыландары болгон жана кара базарга сатуу үчүн чогулткан.

“Жыландар табигый чөйрөдө жүрүшү керек. Аларды сатканга болбойт”,-деди Аргентинанын Экология министри Серхио Бергман.

Сойлоп жүрүүчүлөр атайын контейнерлерге жайгаштырылган. Баалары 21 миң доллардан жогору.

Жыландар жергиликтүү корукка жеткирилди. Ал жакта текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин жапайы жаратылышка кое берилет.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!