Лифтке түшкөндөр акы төлөйт

21-Фев. 2018, Шаршемби, 11:54

Пекин бийлиги коммуналдык компаниялар менен бирге пилоттук долбоорду ишке киргизгени жатат. Анда лифт пайдаланганы үчүн акча төлөө жагы каралгант. Бул көбүнчө 2006-жылга чейин салынган үйлөргө тиешелүү.

Лифт акысы 0,2 юань болот. Аны атайын карта аркылуу төлөөгө болот. Эсептерден улам үч адамдан турган үй-бүлө айына 60-100 юань же 550-900 рубль берери белгилүү болду.

Долбоор борбордун түштүгүндө жайгашкан Дасин районунда башталат.

Шаардык муниципалитет лифттини орнотууга бюджеттен 130 миллион юань же 20 миллион доллар кеткенин кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!