Бомбалоодо 250 адам көз жумду

21-Фев. 2018, Шаршемби, 13:08

Сирия өкмөтүнүн күчтөрүнүн Дамаскка жакын жайгашкан жана оппозициянын көзөмөлүндөгү Чыгыш Гута аймагында бомбалоолордо акыркы эки күндө көз жумгандардын саны 250гө жетти.

Аймакта 2013-жылдан берки эң катаал зомбулук катары айтылууда. Көз жумгандардын арасында 50 бала болгону белгиленүүдө. БУУ аймактагы абал көзөмөлдөн чыкканын эскертти.

Чыгыш Гутада эмне болуп жатат?

Опозициянын көзөмөлүндөгү Дамасска жакынкы акыркы аймакка Россия колдоосундагы өкмөттүк күчтөр жекшеби, 18-февралдан бери кайтарып алуу аракетин көрүп жатат.

Ал айланада 10 шаарча жана айылдар бар. БУУ жарадарларды чыгаруу жана жардам жеткирүү максатында ок атышууну токтотууга чакырууда.

Аймактагы гуманитардык абал кандай?

Чыгыш Гутадагы саламаттык уюмдарын колдогон Медициналык кароо жана Жардам биримдигинде (UOSSM) эмгектенген дарыгер абал начар болгондугун айтты. Адамдар кача турган жер жок. Жанын куткарууга аракет кылып жатышат. Бирок курчоо, ачкачылык аларды абдан алсыратты”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!