Жириновский: Кремлди көчүрөм

21-Фев. 2018, Шаршемби, 16:59

Россияда март айында өтө турган президенттик шайлоодо “үмүтсүз” талапкерлердин бири Либерал Демократ партиясынынын (ЛДПP) төрагасы Владимир Жириновский шайлоодо жеңишке жетсе Кремлдеги өлкө бийлигин Жаңы Москвага башкача айтканда башка жакка көчүрөрүн айтты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген Жириновский “Биз президент Медведевдин убадасын ишке ашырабыз. Бийликти Жаңы Москвага көчүрөбүз. Кремль эл зыярат кылган тарыхый жай болушу керек. Президенттин администрациясы үчүн Жаңы Москвада жаңы имарат курулат”,-деди.

“Кадрларды азайтуу керек”

Өлкөдө жетекчилердин саны кыскартуу керектигин айткан Жириновский Россиядагы айрым башкаруу органдары бири-бирин кайталап жүргөнүн белгиледи. “Президенттин администрациясында, өкмөттө миңдеген кадрлар иштейт. Чакан адам иштешүү керек. Депутаттарды да кыскартуу зарыл”,-деди талапкер.

Россияда президенттик шайлоо 18-мартта өтөт. Анда сегиз талапкер ат салышат. Сурамжылоолордон улам Путинди элдин 70-80 пайызы колдоору күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!