Эң узун асма көпүрөгө агылгандар көп

24-Фев. 2018, Ишемби, 12:58

Кытайдын Хэбэй провинциясындагы “Hongyagu” көпүрөсү 2017-жылдын аягында ачылган. Өлкөдө эс алуу күндөрү башталары менен миңдеген тургундар ал жакты көздөй агылды.

Узундугу 488 метрлик көпүрөнүн кеңдиги 4, ал эми бийиктиги 215 метр.

Дизайнын израилдик архитектор Хаим Дотан түзгөн. Ага ар бири 99 панелден турган үч кат тунук айнек пайдаланылган.

Айнектерге зыян болбош үчүн зыяратчылардын бут кийимдеринин үстүнө атайын галош кийүү талап кылынат.

3,4 миллион доллар жумшалды

Дүйнөнүн эң узун асма айнек көпүрөсү бир убакта 2 миң адамды көтөрөт. Анткен менен учурда 500 адамдын өтүүсүнө уруксат берилген.

Аватар фильми тартылган же же эки тоонун башын бириктирген көпүрөгө 3,4 миллион доллар жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!