Саудиялык аялдар аскер боло алышат

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:04

Сауд Арабиянын “SPA” расмий агенттигиндеги маалыматка караганда Коопсуздук боюнча башкы башкармалыкта аялдардын аскер болуусуна шарт түзгөн электрондук каттоо башталды.

Талапкерлер лицейдин бүтүргөн, Риад, Меке, Медина, Эль-Касым, Асир, Эль-Баха, Эш-Шаркие шаарларында жашашы керек. Ошондой эле 25-35 жаштагы Сауд Арабиянын жараны болуусу зарыл. Тесттерден өтүүсү, башка мамлекеттик мекемеде иштебегени жана чет элдик жаран менен баш кошпогон болгону жакшы.

Сауд Арабиянын паспорт боюнча башкы башкармалыгы өткөн айда аэропорт жана чек ара пункттарында иштегенге кыз-келиндерге каттоо башталган.

Өлкөдө көптөн бери мураскер принц Мухаммед ибн Салман жетектеген “2030 визиону” коомдук, экономикалык, маданий өзгөрүүлөргө түрткү болду. Аталган визиондун алкагында расмий мекемелерде өлкөдөгү аялдарга көбүрөк укук берүү жагы каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!