Король аскер кызматкерлерин жумуштан алды

27-Фев. 2018, Шейшемби, 12:53

Сауд Арабиянын королу Сельман бин Абдулазиздин буйругунун негизинде кол башчы баштаган армиядагы жогорку аскер кызматкерлерин иштен алды.

Расмий “SPA” агенттигинде жарыяланган маалыматта “Башкы командачы Генерал Абдул Рахман бин Салих эль Буняндын кызматы аяктады. Генерал Абдул Рахмандын ордуна Фаяд эль Рувайли дайындалганы белгилүү болду”,-деп жазылган.

Мындай өзгөртүүлөрдүн себеби боюнча эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!