NASA кайрадан Айга адам алып барат

27-Фев. 2018, Шейшемби, 13:46

NASA жетекчилери Айга космостук каттам маанилүү экенин, бул Жердин жандоочуна алгачкы базаны түзүүгө жардам беририн билдирди.

Айды өздөштүрүүгө баргандар жайланышчу пункт Айдагы орбиталык станция болуп калат. Ал жакта 2020-жылы алгачкы иштер башталат.

Бул иштердин алкагында космостук “автобус” жасалат. Ал станциядагы адистерди Айдын бетине жеткирүүчү кызматты аткарат.

NASAнын директору Роберт Лайтфут бул боюнча бардык технологиялык маселелер чечилгенин, толук ишке ашырганга акча каражаты күтүлүп жатканын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!