Чыгыш Гутада 5 саат ок атылбайт

27-Фев. 2018, Шейшемби, 16:35

Дүйшөмбү, 26-февралда Россиядан келген билдирүүдө оппозициянын көзөмөлүндөгү жана Сирия армиясы менен союздаштарынын курчоосунда калган Чыгыш Гутада күн сайын жергиликтүү саат 07.00 - 14.00 арасында ок атылбай тургандыгы белгилүү.

Ал учурда болжол менен 350 миң жаран жашаган аймакка азык-түлүк жана медициналык каражаттарды жеткирүү пландалууда. Ошондой эле жарат алгандар курчоодогу аймактан чыгарылып, ооруканаларга тапшыруу максатталууда.

Россиянын чакырыгы менен башталды

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши өткөн апта аягында кабыл алган билдирүүдө Сирияда жалпысынан 30 күн ок атышууну токтотуу каралган.

Коопсуздук кеңешинин мүчөсү Россия бул сунуш орундалышы үчүн бардык тараптар шарттарга макул болушу керектигин талап кылууда.

Ал эми АКШ баштаган бардык туруктуу мүчөлөр ок атышууну токтотуу сунушун дароо күчүнө киргизүү зарылдыгын белгилөөдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!