“Талибан” саясий партия болобу?

28-Фев. 2018, Шаршемби, 16:04

“Талибан” радикалдык кыймылы Афганистан бийлигинин колдоосу астындагы саясий топ катары таанылышы мүмкүн экендигин өлкөнүн президенти Ашраф Гани жарыялады.

“Tolo News” телеканалынын маалыматына караганда талибдер тынчтык процессине кошулса көптөгөн артыкчылыктар каралат.

“Биз тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө “Талибандын” оюн эске алабыз”,-деди өлкө башчысы.

Ошондой эле өкмөт талибдерге жана алардын үй-бүлөсүнө паспорт берет. Ошондой эле коопсуздук менен камсыздайт. Абактагы согушкерлер бошотулуп, кыймылдын лидерлерине карата киргизилген санкциялар алынат.

“Талибан” кыймылынын согушкерлери Афганистандын аймагында дайыма террактарды уюштуруп турат. Өткөн аптада кол салууга өлкөнүн батышындагы Фарах провинциясындагы аскердик база кабылды. Анда 20 аскер кызматкери курман болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!