Наркодиспансердеги өрттүн себептери айтылды

2-Март 2018, Жума, 15:23

Бакудагы 20дан ашык адамдын өмүрүн алган наркодиспансердеги өрткө электр тармактарындагы бузулуулар себеп болгону болжолдонууда. Мындай билдирүүнү өлкөнүн Башкы прокуратурасы, ӨКМ жана ИИМ тараткан.

Республикалык Наркологиялык борбордо 2-марттын таңында өрт чыккан. Саламаттыкты сактоо министрлиги ал жактан 30 адам куткарылганын кабарлаган. Ал эми өлкөнүн Башкы прокуратурасы, ӨКМ жана ИИМ кырсык болгон жерден 24 адамдын сөөгү табылганын билдирген.

Бул боюнча кылмыш иши козголгонун, аталган мекемелердин кызматкерлеринен турган ыкчам иликтөө тобу ишке киришкени белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!