Путин: Ракетанын күчү, кубаты эбегейсиз

2-Март 2018, Жума, 17:43

Россияда иштелип чыккан чакан көлөмдөгү, күчтүү, өзөктүк түзүмдү канаты бар ракетага жайгаштырууга болот. Анын күчү, кубаты эбегейсиз. Ал эми ылдамдыгы ракетадан жана абадан коргонуунун бүгүнкү системаларына баш бербейт.

Бул курал туурасында президент Владимир Путин Федералдык жыйындагы быйылкы кайрылуусунда айтты. Анда өлкө башчысы Москва Россия жана анын союздаштарына карата кандай гана өзөктүк курал колдонулбасын ага жооп бергенге даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле 2017-жылы Россия бир катар куралдар сынактан ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады.

Чет элдик кесиптештерин эл аралык жаңжалдарды тутантпоого чакырган лидер мындай курал дүйнөдө бир да мамлекетте азырынча жок экендигин айтканда залда отургандар кол чаап колдоп турду.

Президент белгилеген "кармалбас" ракетанын радиусу чектелбейт. Бул жаңы типтеги түзүмдү эч ким кармай албайт жана алар чексиз аралыкка уча алат.

Германиянын канцлери Ангела Меркель жана АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу Россиянын лидеринин жаңы куралдарын талкууга алышты. “Reuters” агенттигинин маалыматына караганда саясатчылардын айтымында Россия Федерациясынын аскердик саясаты куралданууну көзөмөлдөөгө терс таасирин тийгизет.

Ал эми Япониянын Тышкы иштер министри Таро Коно Муздак согуштан кийин АКШ өзөктүк куралдарын кыскартса, Россия жана Кытай аны өнүктүрүп жатканын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!