Антарктидадан 90 метрлик чуңкур табылды

3-Март 2018, Ишемби, 13:39

Интернет тармактарында Антарктида музунда 90 метр тереңдиктеги чуңкур тууралуу маалыматтар кеңири таралды. Бул боюнча Антарктиданын климаты боюнча бир нече жылдан бери изилдеп келе жаткан америкалык окумуштуу Питер Нефф “Twitter” тармагына жарыялаган.

Социалдык тармактарда көрүүчүлөрдү көп топтоогон видеодо муздун тереңдигин жана масштабдуулугун үн менен билдиргиси келген. Ал үчүн окумуштуу чуңкурга муздун анча чоң эмес сыныгын таштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!