Казак тилин үйрөнгөндөрдүн саны көп

3-Март 2018, Ишемби, 14:16

Президент Нурсултан Назарбаев парламент жана өкмөт мамлекеттик тилде иш жүргүзөөрүн айткандан бери казак тилин үйрөнүүгө киришкендердин саны көбөйгөнүн “КТК” телеканалы кабарлады.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун директору Азат Шауеевдин айтымында лидердин сөзүнөн кийин борборго күн сайын 500дөй адам катталууда.

“Бир нече күндүн ичинде окуучуларыбыздын саны эки миңге жетти. Басымдуу бөлүгү жаштар жана көбүнчө Астана менен Алматыда иштеген мамлекеттик кызматкерлер. Депутаттар, министрлер, облус жана аймактардын акимдери да бар”,-деди Шауеев.

Телеканалга 39 жаштагы Улуттук экономика министри Тимур Сулейменов өз оюн айтты. Ал көп убак Москвада жашагандыктан эне тилин кайрадан окуганга мажбур болгон. “Казак тилин билгеним менен эркин сүйлөөгө жетише элекмин. Бир жылдан бери күндө үйрөнүп , казак тилинде гезитерди, “Facebook” тармагындагы постторду окуп жатам”,-деген Сулейменов.

Күнүнө 40 мүнөт убакыт бөлсө казак тилин үч айда мыкты өздөштүрүүгө болорун адистер белгилешкен. Аткаминерлер күн сайын ага убакыт бөлбөгөндүктөн ушул көйгөйгө кез келгенин кошумчалашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!