Бороондон 5 миңден ашык учак каттамы токтоду

3-Март 2018, Ишемби, 15:15

АКШнын түндүк чыгышында 2-мартта башталган нөшөрлөгөн жамгыр, катуу шамал жана бороондон улам 5 миң 500дөн ашык учак каттамы токтоду.

“FlightAware” компаниясынын маалыматына караганда 5 миң 536 каттам токтотулса, 17 миң сапарда кечигүүлөр болду.

Нью-Йорктогу эң ири экинчи “LaGuardia” аэропортунда бардык катамдар токтогон.

Шаардагы эң ири “John F. Kennedy” Эл аралык аба майданында жергиликтүү саат 23.00дөн баштап 462 учуу ишке ашырылган жок.

АКШдагы эң ири “Amtrak” темир жол компаниясы Нью-Йорк менен Бостон шаарларын байланыштырган поезд каттамдары токтогонун кабарлады.

Ушул мезгилге чейин 5 адамдын көз жумуусуна себеп болгон, 1 миллиондон ашуун турак жайды электр жарыгы жок калтырган бороон өзгөчө Бостон шаарына кесепетин тийгизүүдө.

АКШнын түндүк чыгышында 22 миллион адамга сел тууралуу эскертилди. Жетекчилер деңиз жээгинде жашаган жарандарды кайсы убак болбосун көчүүгө даяр турууга чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!