Принц тоюна жөнөкөй элди чакырды

3-Март 2018, Ишемби, 16:05

Англияда принц Гарри жана келинчеги америкалык актриса Меган Марклдын май айында өтө турган үйлөнүү үлпөтүнө эл арасынан 1 миң 200 киши чакырылганы белгилүү болду.

19-майда өтө турган үлпөт тойго жалпысынан 2 миң 640 конок чакырылган.

Алардын арасында кайрымдуулук фонддорунан өкүлдөр, мектеп окуучулары, королдун үй-бүлөсү үчүн иштегендер жана Виндсор шаарынын тургундары бар.

Жуптар Виндсор сарайында George чиркөөсүндө түшкү убакта үйлөнөрү күтүлүүдө.

Никеден кийин принц Гарри жана келинчеги америкалык актриса Меган Маркл атка чегилген арабага түшүп эл арасына чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!