Кытай коргонууга көп каражат бөлдү

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:45

Аталган өлкө үстүбүздөгү жылы коргонууга каражатты 8,1 пайызге же 1,11 триллион юанга (175 миллиард доллар) жеткирди. Бул Кытайда Бүткүл элдик курултайынын жылдык сессиясында белгилүү болду.

Баяндамага ылайык Кытайдын Ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) бул жылдагы өсүшү 6,5 пайызга жакын болору болжолдонгон. Өткөн жылдын жыйынтыгына караганда ИДӨ 6,9 пайызга өсүп, 82,7 триллион юанга (12,84 триллион доллар) жеткен.

Республиканын коргонууга бөлгөн бюджети көлөмү жагынан дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!