Чабандар жана дыйкандардын жаңжалы: 20 адам көз жумду

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 17:25

Нигериянын Тараба провинциясында чабандар менен дыйкандардын отосундагы жаңжалда 20 адам көз жумса, бир тобу жарадар болгон. 3 күн мурда бул аймакта 15 адам көз жумган эле.

Көп сандаган бодо мал жок болгону, 200гө жакыны уурдалганы маалымдалды. Жергиликтүү маалымат каражаттарында аймактын тургундары жаңжал болгон жерден көчүп кете баштаганы белгиленген.

Мезгил мезгили менен чабандар жана дыйкандардын ортосунда олуттуу уруш талаштар болуп турган Плаеау провинциясына караштуу Нива жана Еримару айылдарында үч күн мурдагы жаңжалда 15 тургун көз жумган.

Нигерияда мал чарбачылыгы менен алектенген көчмөн Фуланилер жана дыйканчылык менен жан баккан Мамбилла уруусунун ортосунда адам өмүрүн алган чатактар көп кездешет.

Малына оттуу жерлерди табуу үчүн өлкөнүн түштүгүнө көчүп барган Фуланилер Мамбилла уруусунун дыйкандары малын уурдаганга аракеттенип, аларга кол салганын арызданган. Ал эми Мамбилла уруусунун дыйкандары Фуланилер алардын жерлерине мал жайганы менен айыптоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!