Ирактык кызматкерлер Казакстандан билим алат

6-Март 2018, Шейшемби, 14:29

Казакстандын Мамлекеттик кызмат жана паракорчулук менен күрөш боюнча агенттиги Ирактын мамлекеттик кызматкерлерин Казакстандын президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын базасында окутуу жагы каралууда.

Аталган мекеменин жетекчиси Алик Шпекбаев 6-мартта Ирактын Казакстандагы өкүлү Юнус Салим Сархан Аль-Шахман менен жолукканын аталган агенттиктин маалымат кызматы кабарлаган.

Анда мамлекеттик башкаруу, антикоррупциялык стратегияларды ишке ашыруу, долбоорлук жана стратегиялык менеджмент, мамлекетти башкаруудагы лидерликтин негиздерин окуп үйрөтүү жагы каралууда.

Бул демилге эл аралык программалар, гранттар жана тараптар кол кое турган меморандумдун алкагында ишке ашырылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!