Кыйраган учакта 39 аскер курман болду

7-Март 2018, Шаршемби, 12:55

6-мартта саат 16:00 чамасында Россиянын Коргоо министрлигине тиешелүү АН-26 тибиндеги карго учагы Сириядагы Хмеймим аба базасына конуп жатып жолго 500 метр калганда кыйраган. Аба кемесиндеги 26 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү көз жумганы кабарланган.

Кийин Коргоо министрлигинен келген жаңыланган маалыматта учакта 33 аскер, 6 экипаж мүчөсүн кошкондо 39 россиялык аскер көз жумганы жазылган.

Кырсыкка техникалык кемчиликтер себеп болгону болжолдонууда.

Ошол эле мезгилде жетекчилер учак жерге түшкөнгө чейин жарылбаганын күмөн ойлорду жаратарын белгилеген.

Өлкө башчысы Владимир Путин кырсыкта көз жумгандардын жакындарына көңүл айтты. Ал эми аскердик прокуратура бул боюнча иликтөө иштерин баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!