Москва китепти эң көп окуган шаар наамын алды ​

7-Март 2018, Шаршемби, 14:20

Аталган шаардын Маданият департаменттинин президенти Александр Кибовский 2017-жылы Россияда өткөн “эң көп окуган аймак” аттуу жарыштын жыйынтыгында Москва шаары китеп окуу жагынан лидерликти алды.

Борбордо 440 китепкана, анда 19 миллион 700 миң китеп бар экенин эске салган жетекчи бул китепканаларда өткөн жылы жалпысынан 23,8 миллион жолу китеп алып окушкан. Ошондой эле 21 миңден ашуун маданий иш-чаралар өткөнүн белгиледи. Кибовский айрыкча түрдүү тармактарда 725 жумушчу тобу түзүлгөнүн кошумчалады.

2018-жылы шаардагы бардык китепканалардын картотекалары, китептер боюнча маалымат базасын бириктирүүнү пландалган. Бул ыкма аркылуу бир карточка менен шаардагы бардык китепканаларга, окуу залдарына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!