Путин аялзатына ыр арнады

10-Март 2018, Ишемби, 01:02

8-март - Айымдардын Эл аралык майрамы дүйнөнүн бир топ жеринде белгиленди. Айрым шаарларды бул күнү аялдар нааразычылык акцияларын уюштурса, Россиянын президенти Владимир Путин айымдарга ыр саптарын арнады.

Испанияда аялдарга карата бөлүп-жаруу, зомбулук жана кыйноолор болуп жатканын билдирүү максатында өлкө боюнча нааразылык акциясы уюштурулду. Ага мугалимдер, журналисттер, медицина кызматкерлери, Мадрид, Барселона мэрлери баш болгон саясатчы айымдар катышты.

«Биз токтосок дүйнө токтойт» деген ураандын астында алгач ирет уюштурулган кыймыл Мадридде башталды. Анда велосипед минген жүздөгөн кыз-келиндер шаарды кыдырды.

Буга окшогон иш-чаралар аялдар зомбулука көп учураган Индияда да өттү. Нью-Делиде жүздөгөн кыз-келиндер аялдарга карата кыйноо, маяналардагы айырмачылыктарга каршылыктарын билдирүү максатында көчөгө чыгышты. Көбүнчө мугалимдерден, кеңсе кызматындагылардан турган топ 2 чакырым жүрш жасап, парламенттин алдына барышты.

Россиянын президенти Владимир Путин аялзатын 8-март - Айымдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады. Ал орус акыны Андрей Дементьевдин ыр саптарын арнады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!