Акчадан өксүгөн ата Интернетте уулун сатты

10-Март 2018, Ишемби, 01:45

Кытайда акчасы жок ата эки баласын бага албай калган. Андан улам 15 айлык уулун Интернет аркылуу 4 миң 200 стерлинге саткан. Аны байкаган чоң ата небересин куткарууга жетишкен.

Атасы эки баласын үйүндө багууга аргасыз болгону үчүн кыйналып, акча таба албаганына ачууланган. Андан улам уулун сатууну чечкен.

Үйүнө 124 чакырым аралыкта жашаган үй-бүлөгө тапшырган баласы ал жакта бир топ күн болгон.

Тэнчжоу шаарында Жаңы жылды өткөрүп келген чоң ата неберелеринин бири көрүнбөй калганын байкаган.

Уулун суракка алып, чындыкты билген соң ал дароо полицияга кайрылган. Чжэн Чжэн аттуу баланы кыска мөөнөттө тапкан күч органдары аны чоң атасына тапшырган.

Уулун саткан адам жана сатып алган үй бүлө бала сатууга айыпталып, сот жообуна тартылганы турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!