Кыйраган учактын кара кутусу табылды

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:22

Чехармехале жана Бахтиари провинциясынын губернаторунун орун басары кыйраган Түркиянын учагынын кара кутусу табылганын билдирген. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлаган.

Маалыматтарга караганда кара куту иликтөө үчүн бийлике өткөрүлүп берилет. Жакынкы убакта Иранга Түркиядан өкүлдөр, кырсыкта көз жумгандардын жакындары келери күтүлүүдө.

Шарджа шаарынан (БАЭ) Стамбулга бара жаткан Түркиянын инвестициялык “Başaran Holding” компаниясына таандык жеке учагы 11-мартта Москва убактысы боюнча саат 17.40та радардан жоголгон. Бортунда экипаждын үч мүчөсүн кошкондо 11 адам болгон. Аба кемеси Ирандын батышындагы тоолуу аймакка түшкөн. Лайнер алгач жерге урунуп, андан соң күйүп кеткен.

Кийин Ирандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мекемесинин өкүлдөрү экипаж жана жүргүнчүлөрдөн аман калгандар жок экенин кабарлашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!