Спиннер кооптуу оюнчуктардын тизмесине кирди

14-Март 2018, Шаршемби, 14:08

Европа биримдиги спиннер деп аталган, балдар менен жаштар арасында кеңири тараган оюнчукту кооптуу продукциялардын тизмесине кошту. Европа биримдигинин “Азык-түлүктөн тышкары кооптуу продукциялар боюнча тез кулактандыруу 2017” системасы жарыялаган билдирүүдө майда батареялар менен жабдылган спиннерлер балдардын саламаттыгына коркунуч жаратары белгиленген.

Андагы пайдаланылган майда батареялар жутулса ичегилер күйөрүн, оюнчуктун оңой чыга турган майда бөлүкчөлөрү ушундай көрүнүштөргө туш кылары белгиленген.

Мүчө мамлекеттерге бул боюнча маалымат таратылганы жазылган билдирүүдө жетекчиликке кооптуу спинерлерди аныктоо тапшырылган. Чек аралардан кирүүсүнө тыю салуу, жок кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү жагы белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!