“Google” криптовалюталарды жарнамалабайт

14-Март 2018, Шаршемби, 17:31

Америкадагы “Google” издөө системасы 2018-жылдын июнь айынан баштап виртуалдык валюталарды жарнамалоого тыюу салат. Ошондой эле криптовалютталар, криптовалютталык капчыктар жана буга катыштыгы бар соодалар тууралуу маалыматтарды жайгаштырбайт.

“Google” сайтындагы маалыматтарга караганда жогоруда белгиленгендерди компания сертификацияланандан кийин жарыялашы мүмкүн. Бирок бул да айрым гана мамлекеттер үчүн жарактуу. Анын үстүнө криптовалютталарды сертификациялоо жагы азырынча карала элек.

Эскерте кетсек, январь айынын аягында “Facebook” тармагы криптовалютталарды жарнамалоого тыюу салган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!