Президент Меркелдин кызматын бекитти

14-Март 2018, Шаршемби, 18:36

Бундестаг Ангела Меркелди ФРГнын канцлери кылып шайлагандан кийин анын кызматын өлкөнүн президенти Франк-Вальтер Штайнмайер бекитти.

“Ангела Меркель айым федералдык канцлер болуп дайындалды”,-деди Штайнмайер Берлинде Бельвю сарайындагы президенттин резиденциясында өткөн салтанатта.

Ал ортодо жашыруун добуш берүүнү жыйынтыгы жарыяланды. Меркель үчүн 692 депутаттын 364ү добуш берген. Төрт бюллетен жараксыз деп табылган. Ал эми кайра шайлоого зарыл болгон чек 355 добуш болуп белгиленген.

Буга чейин Бундестагдын жетекчиси Вольфганг Шойбле Меркель төртүнчү мөөнөткө канцлер болуп шайланганын, анын талапкерлигин президент Штайнмайер көрсөткөнүн айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!