​Тик учак кулап 6 адам мерт кетти

​Тик учак кулап 6 адам мерт кетти
15-Март 2018, Бейшемби, 12:00

Сенегал өлкөсүндө тик учак кулап 6 адам мерт кетип, 14 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 14-март күнү кечинде Сенегал өлкөсүнүн Тамбакун районунда жалпы 20 адам бара жаткан аскердик тик учак кулап 6 адамдын өмүрүн алган, калган 14 адам ар кандай жаракат алган. Алардын үчөөнүн жараты оор. Жаракат алгандарды жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!