Собчак дебаттан ыйлап кетти

15-Март 2018, Бейшемби, 16:45

“Россия 1” телеканалында президенттикке талапкерлердин кезектеги дебаты кайрадан жаңжал менен аяктады. Анда Ксения Собчак дайыма кордолуп, сөзү үзгүлтүккө учурарын айтып, ыйлаган бойдон студиядан чыгып кетти.

Собчак теле алып баруучу Владимир Соловьевго берилген убакытты кошуп берүүсүн өтүнгөн. “Бул эмне деген оройлук? Мен БШКга арызданам, бул адилетсиздик. Бул адамдар менин сөзүмдү үзгүлтүккө учуратып жатышат. Бул адам (Владимир Жириновский) мага гана оройлук кылат. Мен өз шайлоочуларым менен сүйлөшкөнү келдим. Бул адамдар мага мүмкүнчүлүк бербей, мыйзамдуу берилген убактымдан ажыратып жатышат”,-деди Собчак.

Берүүнү аяктап жатып Владимир Соловьев БШКдан болуп жаткан көрүнүштөргө көңүл буруусун суранды. Бул убакта Собчак ыйлаган бойдон студиядан кетти.
“EADaily” басылмасы Собчак жана Жириновский катышкан дебаттарда биринчи жаңжал эмес экенин, буга чейин ЛДПРдин башчысы Владимир Жириновскийге түз эфир маалында стакандагы сууну чачып жибергенин жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!