Скрипаль кризиси күчөдү

15-Март 2018, Бейшемби, 18:17

Англия өкмөтү Лондондо Россиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипаль жана кызы Юлияга байланыштуу окуядан улам 23 орус дипломатын өлкөдөн чыгарууну чечти. Премьер-министр Тереза Мэй парламентте сүйлөгөн сөзүндө буга Россия жоопкерчиликтүү экенин айтты.

Мэй Россияда даярдалган ууландырчу зат Британияга кандайча барып калганын түшүндүрүп берүү талабын Москванын жоопсуз калтырганы дипломаттарды чыгаруу чечимине себеп болгонун билдирди. Ал эми Россия бул ишке тиешеси жоктугун айтып жатат.

4-мартта Британиянын Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана кызы Юлия соода борборунда капысынан ооруп калган. Андан соң эс-учун жоготкон абалда табылган. Текшерүүдө аларга нерв системасын шал кылчу зат колдонулганы белгилүү болгон.

Россиянын элчиси: Лондон олуттуу провакация кылып жатат

“Sky News” телеканалынын маалыматына караганда Россиянын Англиядагы элчиси Александр Яковенко Лондондун аракеттерин олуттуу провакация катары сыпаттады.

Россия 23 англиялык дипломатты өлкөдөн чыгарышы мүмкүн

Сенатор Владимир Жабаров “Дайым болуп келгендей буга карата жооп болот. Анын дипломатияга таасир этүү ыктымалдыгын дагы тана албайм”,-деди Жабаров.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!