Чымчыктар геологдордун куралдарына кызыгат

17-Март 2018, Ишемби, 14:14

Антарктидада чымчыктар Латвиядан келген окумуштуулардын буюмдарын уурдашкан.

Геологдордун айтымында, алардын ишине ар дайым чымчыктар, пингвиндер көз салып турушат. Арасынан көбүнчө убаракерчиликти түштүк уюл поморниктери тарттырат. Бул чымчыктар иликтөөгө пайдаланылган техникаларды жактырышат. Көптөрү куралдарды ордунан жылдырса, өздөрү менен алып кеткен учурлар да аз эмес.

Латвиялык окумуштуулар чымчыктадын мындай кылыгынан улам бир ай мурда баштаган иштерин же муз катмарларынын ички түзүлүшүн изилдөөсүн аяктай элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!